7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Япония айлана-чөйрөнү коргоодо кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты

124

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Япониянын тышкы иштер министринин парламенттик орун басары Эри Арфия айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, туруктуу өнүгүү жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу багыттарындагы кыргыз-япон кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты.

Өзгөчө көңүл критикалык мааниге ээ минералдар жаатындагы кызматташтык маселелерине бурулду. Анын алкагында тажрыйба алмашуу, технологиялык өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө маселелери каралды.

Ошондой эле тараптар кадрдык потенциалды өнүктүрүү, илимий-техникалык кызматташтык, парник газдарынын чыгарылышын кыскартуу жана Биргелешкен кредиттөө механизмин (JCM) ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары, атмосфералык абанын сапатын жакшыртуу жана абанын булганышына каршы күрөшүүдө Япониянын алдыңкы тажрыйбасын жана заманбап технологияларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, жаратылыш экосистемаларын сактоо жана экотуризмди өнүктүрүү маселелери боюнча да пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар айлана-чөйрөнү коргоо, климаттын өзгөрүшү, жаратылыш ресурстары жана туруктуу өнүгүү багыттарындагы практикалык кыргыз-япон кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты.

125