7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору ратификацияланды

323

Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 20-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты 2024-жылдын 1-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япониянын өкмөтүнүн ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча алмашуу ноталарын жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) ортосундагы “Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору боюнча гранттык макулдашууну ратификациялоо жолу менен мамлекет ичиндеги жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.

“Эл аралык аэропорттордо аба кыймылын башкаруу каражаттарын жакшыртуу” долбоору (мындан ары – долбоор) эл аралык аэропортторундагы аба кыймылын башкаруу системасын жаңылатуу жана модернизациялоо иштерин жүргүзүүгө, эскирген жабдыктарды жаңылатууга, заманбап технологияларды киргизүүгө жана бул тармакта иштеген адистердин квалификациясын жогорулатууга багытталган. Бул учуу коопсуздугун камсыздоого жана аба мейкиндигин натыйжалуу пайдаланууга зарыл шарт болуп эсептелет.

Долбоордун алкагында JICA тарабынан “Ош” аэропортундагы аэронавигациялык вышканы куруу жана “Манас” менен “Ысык-Көл” аэропортторундагы аэронавигациялык жабдыктарды модернизациялоо үчүн грант каралган, жана “Ош” аэродромунун учуп-конуу тилкесин 400 метрге узартуу пландаштырылууда.

324