Кыргызстан менен Өзбекстан биргелешип автоунаа чыгарат.
Завод Чүй районунун Ак-Суу айылында (Бишкек шаарынан 50 км) курулат.
Экономика министрлиги долбоорду парламенттеги комитетке алып чыкты:
Кыргыз тараптан өндүрүшкө эки жеке компания катышат: «Нур» ААКсы жана «ДТ Техник» ЖЧКсы, өзбек тараптан — «Узавтосаноат» мамлекеттик ишканасы:
— автомобилдердин 19 түрүн чыгаруу пландаштырылууда, анын ичинде микроавтобустар, пикаптар, седандар жана башкалар;
Алардын баасы канча болору азырынча белгисиз, эсептөөлөр жүрүп жатат. Экономика министринин орун басарынын айтымында, баалар атаандаштыкка жөндөмдүү болот.
Биринчи этапта үч жылдын ичинде 10 миң автоунаа чыгаруу пландалууда (500 жумушчу орун түзүлөт)
Экинчи этапта (4-5 жыл) — 20 миң автоунаа (Кыргызстандыктар үчүн 1000 жумуш оруну)
Үчүнчү этапта (6-жылы) — 30 миң автоунаа (2000 жумуш оруну)
Келишимге Шавкат Мирзиёевдин 26-январда күтүлүп жаткан сапарынын алкагында кол коюу пландалууда.