7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан менен Өзбекстан соода кызматташтыгын күчөтүүдө

165

2024–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы  экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов тарабынан мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен өткөн жыйында талкууланды.

Бул План эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмүн туруктуу көбөйтүүгө, тоскоолдуктарды жоюуга жана өнөр жай кооперациясын күчөтүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл чарба продукциясы, текстиль, курулуш материалдары жана электр жабдуулары боюнча сооданы активдештирүү багытындагы иштер, ошондой эле мамлекеттик органдардын планды ишке ашыруудагы учурдагы жыйынтыктары талкууланды.

Жыйындын жыйынтыгында мамлекеттик органдарга планды ыкчам ишке ашырууга, маалымат менен үзгүлтүксүз алмашууга, биргелешкен ишкердик иш-чараларды өткөрүүгө жана соода кызматташтыгынын жүрүшүндө жаралган маселелерди тез арада чечүүгө багытталган тапшырмалар берилди.

166