7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан — Оман беттеши: Биринчи тайм 0:0 эсеби менен аяктады

511

Футбол боюнча Кыргызстан менен Оман өлкөсүнүн курамаларынын беттешинин биринчи бөлүгү тең чыгуу менен аяктады. Оюндун жүрүшүндө «Акшумкар» атаандашынын дарбазасынын жанында бир катар кооптуу учурларды жаратканы менен чабуулдар ийгиликсиз болуп, Штефан Тарковичтин шакирттери бир өңчөй оюн көрсөтө албагандай таасир калтырды.

Ошол эле учурда, Омандын оюнчулары да татыктуу атаандаштык көрсөтүп, Кыргызстандын курамасынын дарбазасына олуттуу соккуларды жасап жатышты. Ошентип оюндун биринчи 45 мүнөттүгү 0:0 эсеби менен аяктап, футболчулар тыныгууга кетишти.

Белгилей кетсек, футбол боюнча Кыргызстан менен Омандын улуттук курама командалары 2026-жылы өтө турган дүйнө биринчилигине тандап алуу этабынын алкагында беттеш өткөрүп жатышат.

512