7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Ооганстандын борбору Кабулга Соода үйүн ачты

343

2025-жылдын 16-декабрында Ооганстандын борбору Кабул шаарында Кыргыз Республикасынын Соода үйүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жана Ооганстандын өнөр жай жана соода министри Нуруддин Азизи катышты. Бул тууралуу Экономика жанк коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, соода үйүнүн ачылышы ата мекендик продукцияны эл аралык рынокко илгерилетүүгө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда түз ишкердик байланыштарды түзүүгө жана өз ара товар жүгүртүүнү кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар бул кадам Кыргыз Республикасы менен Ооганстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодо жана өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүдө маанилүү экенин белгилешти.

344