7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Памирлик кыргыздарга гуманитардык-медициналык жардам көргөздү

15

Кыргызстан Афганистандын Памир аймагындагы этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, президенттин тапшырмасынын жана министрлер кабинетинин чечиминин алкагында Афганистандын Кичи жана Чоң Памир аймактарында жашаган этникалык кыргыздарды колдоо максатында Эмгек министрлиги тарабынан гуманитардык экспедиция уюштурулуп, медициналык жана ветеринардык дары-дармектер тапшырылды.

Экспедициянын алкагында кардиологдор, тиш дарыгерлери жана акушер-гинекологдордон турган дарыгерлер тобу тарабынан 765 адамга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын ичинен 187си аялдар, 207си балдар болду. Мындан тышкары, жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай оорулардын алдын алуу, өз убагында аныктоо жана бодо менен майда мал үчүн ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча окутуу иштери жүргүзүлдү.

16