7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан-Швецария кызматташтыгы талкууланды

346
Кечээ тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Швейцария Конфедерациясынын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Сироко Мессерлинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.
Ведомстводон маалымдашкандай, Абакиров элчини жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, быйылкы жылдын июнь айында Швейцарияда өткөн кыргыз-швейцария өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташтык боюнча комиссиянын жыйынынын жыйынтыгы менен жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруунун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
Эки тараптуу кыргыз-швейцария кызматташтыгынын маселелери талкууланды.
Анын ичинде саясий диалогду жандандыруу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы келишим-укуктук базаны кеңейтүү маселелери камтылды.
347