7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан тоолуу аймактарды өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыкты күчөтөт

138

КР Президентинин тоолуу аймактар боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова Глобалдык экологиялык фонддун (ГЭФ) Башкы директору Карлос Мануэль жана Дүйнөлүк Банктын Климаттын өзгөрүшү боюнча Глобалдык директору Валери Хики менен жолугушууларды өткөрдү.

Вашингтондо (АКШ) өткөн сүйлөшүүлөрдүн максаты тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыктарын глобалдык климаттык жана экологиялык күн тартибинде илгерилетүү боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү жолдорун, ошондой эле тоолуу аймактарда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду каржылоо мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Динара Кемелова өлкөнүн тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү жаатындагы негизги демилгелерин, анын ичинде Тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүнүн беш жылдыгын ишке ашырууну тааныштырды.

Динара Кемелова тоолуу өлкөлөрдүн климаттын өзгөрүшүнө өтө аялуу экенин жана эл аралык институттардын тиешелүү программаларды, анын ичинде табигый кырсыктардын тобокелдиктерин азайтууну каржылоого активдүү катышуусу зарылдыгын баса белгиледи.

Эл аралык уюмдар Кыргыз Республикасынын глобалдуу тоо маселелерин илгерилетүүдөгү активдүү жана туруктуу позициясын жогору баалашып, өлкөнүн бул багыттагы лидерлигинин маанилүүлүгүн белгилешти.

Жолугушуулардын жыйынтыгында мындан аркы координациянын, анын ичинде «Бишкек+25» саммитине даярдык көрүү, долбоордук сунуштарды иштеп чыгуу жана Кыргызстандын демилгелерин эл аралык аянтчаларда илгерилетүү зарылдыгын түшүнүүгө жетишилди.

139