7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 1,5 млн жаран салык төлөөчүнүн жеке кабинетин колдонот

200

Салык төлөөчүнүн жеке кабинетин 1,5 млнго жакын жаран колдонот. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов «Биринчи радио» радиостанциясына берген маегинде электрондук салык кызматтарын алган салык төлөөчүлөрдүн саны көбөйгөндүгү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында салык төлөө процесстерин санариптештирүүнүн натыйжасында жеке кабинет жана мобилдик тиркемелер аркылуу аралыктан салык төлөө мүмкүнчүлүгү ишке ашырылды.

“Бүгүнкү күндө 1,5 млнго жакын жаран онлайн-режимде салык төлөөчүнүн жеке кабинетин колдонот. Бул көрсөткүч жыл башынан бери 160 миң адамга көбөйдү”, — деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Мирлан Рахманов

Ал Салык кызматы кызмат көрсөтүүчү органга айланып, жарандар менен ишкерлер үчүн салык жаатында ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканына токтолду.

“Мурда жарандар салык органдарына барып кезек күтүп, документ толтурууга бир топ убакытысын коротушса, бүгүнкү күндө бардык маалыматтар жана төлөмдөр онлайн түрдө жеткиликтүү.Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинде карыздар, төлөө мөөнөттөрү, төлөнө турган суммалар боюнча толук маалыматты алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн”,- деп баса белгиледи Мирлан Рахманов.

Ошондой эле ал, жарандардын салык төлөө маданияты жогорулаганынын, салык кызматына болгон жарандардын ишенимин арттырууга багытталган иш-чаралардын натыйжалары сезилээрлик байкалып жатканын баса белгиледи.

201