Кыргызстанда 1-июлдан тарта пенсияны көтөрүүнүн биринчи этабы башталат. Бул тууралуу «Жаңы кадам» социалдык мобилизициялоо боюнча жалпы республикалык кеңешмеде президент Садыр Жапаров билдирди.
Өлкө башчысы пеняиларды көтөрүү 2024-жылдын 1-октябрына белгиленген.
«Мен Социалдык фонддун жетекчилиги менен сүйлөштүм. Андан соң пенсияларды көтөрүүнү 2024-жылдын 1-июлунан баштап көтөрүү тууралуу чечим кабыл алынды.Ошондон кийин минималдуу пенсиялык төлөм 6 миң 800 сомдон кем болбойт», — деди ал.