Алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран Москвадан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, из жашырып жүргөн жаран Жалал-Абад облусунун 39 жаштагы тургуну. Ал орусиянын укук коргоо кызматкерлеринин жардамы менен 29-октябрда колго түшүрүлгөн.
“Кылмышкер милиция кызматкерлерине жакын тууганынын паспортун көргөзгөн. Ал 2016-жылдан бери алдамчылыктын 14 түрүн жасаганы үчүн мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин реестрине катталган. Жабыркаган ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашык.Тергөөнүн версиясы боюнча, аталган жаран жасалма документтерди жасап, соода жайларынын ээси катары жарандарды алдап, аларга башка бирөөнүн мүлкүн мыйзамсыз сатып жиберген», — деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, кылмышка шектүү беш жылдан бери качып жүргөн. Азыр ал кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалды. Аны Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.