7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 15 баладан Кавасаки синдрому аныкталды

306

Кыргызстанда 15 балада Кавасаки сымал синдрому аныкталды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине Эне жана баланы сактоо улуттук борборунун директору Камчыбек Узакбаев билдирген.

Айтымында, учурда дагы 13 өспүрүмгө диагноз коюлуп жатат.

«Бирок булардын диагнозу тастыкталбайт деп ойлойм. Оорулуулардын абалы туруктуу оор. Өтө оор абалдагылар да болгон, учурда алардын абалы турукташты. Бейтаптардын жаш курагы — 2 жаштан 16 жашка чейин. Алар бизге республиканын жети дубанынан келип түштү», — деди Камчибек Узакбаев.

«Кавасаки сымал синдрому коронавирус менен ооругандан кийин, же сепсистен кийин пайда болот. Анда биринчи кезекте жүрөк системасы, тери системасы жабыркап, баш ооруп, деги эле симптомдору көп болот», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

307