7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 2025-жылдын үлгүсүндөгү жаңы паспорттор киргизилет

199

Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук паспортторунун айрым типтерин киргизүү маселелери жөнүндө токтом кабыл алынды. Тиешелүү чечимге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Анын максаты Кыргызстандын аймагында Кыргызстандын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортун (ID-карта), Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортун киргизүү.

Токтом менен Кыргызстандын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү идентификациялык картасы –  паспорту (ID-карта) жөнүндө Жобо, Кыргызстандын жаранынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту жөнүндө Жобо кабыл алынды.

Кыргызстандын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргызстандын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү ушул паспорттордун бланктары аяктаганга чейин жүргүзүлөт.

Кыргызстандын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргызстандын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун берүү Кыргызстандын жарандарынын 2024-жылдын үлгүсүндөгү паспортторунун (ID-карта), Кыргызстандын жарандарынын 2023-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторунун бланктары аяктагандан кийин жүргүзүлөт.

Президенттин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине Кыргызстандын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү паспортторун (ID-карта), Кыргызстандын жарандарынын 2025-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспортторун жекелештирүүгө ыйгарым укук берилди.

200