7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда 2026-жылга чейин 2 млрд долларга 20 ири завод ачылат

639

2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында Бакыт Төрөбаев өнөр-жай тармагы боюнча айтып жатып, Кыргызиндустрия түзүлгөндөн баштап 20 ири долбоорду ишке ашырып жатканын билдирди.

“Кыргызиндустрия түзүлгөндөн баштап 20 ири долбоорду ишке ашырууда. Башкача айтканда 972 млн сомго топчу, мык, фурнитура, пластик, фарфор, электроника, принтер, ксерокс, ККМ аппараттары, кирпич, бетон, азот жер семирткичтерин ж.б.ларды чыгарган өзүбүздүн өнөр жай заводдорубуз ачылды. Логистикалык жактан «Кыргызчеттранс», «Кыргыз эйр вейс», «Кыргызбакча», «Жемиш Кампа» ж.б. сыяктуу өнөр жай комплекстери иштей баштады. 2026-жылга чейин 2 млрд доллардык 20 ири завод ачылат”, — деди ал.

Ал муну менен өнөр-жай ишканалырында эң аз дегенде 11 000 жаңы жумуш орундары түзүлөөрүн, мындан сырткары санариптештирүүнүн алкагында “Өнөр жай ишканаларынын картасы” иштелип чыгаарын кошумчалады.

640