8-июлунан баштап Кыргызстандан малды экспорттоого уруксат берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди.
“Анын ичинде тоют, буудай, арпа жана башкалар бар. Бул тыюу салуу жыл аягына чейин узартылат. Бирок малды экспорттоого тыюу салуу алынып, уруксат бериле баштайт. Ал эми май, кумшекер жана тирүү малды импорттоодогу 12%дык кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча долбоор министрлер кабинетине сунушталды”, — дейт ал.
Ошону менен бирге Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан 4 миң тонна буудайды тоок жана жумуртка өндүрүүчүлөргө жеңилдетилген шартта берүү пландалып жатканын айтат.