7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда бир жыл ичинде адам сатуу боюнча 5 факты катталды

817

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан бери адам сатуу боюнча 5 факты катталды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында КР Ички иштер министрлигинин Криминалдык милиция кызматы башкармалыгынын башчысы Марлис Жумабаев билдирди.

Анын айтымында, 4 факты боюнча сотко чейин өндүрүш жүрүп жатат, 1 факты курамында кылмыш белгисинин жоктугуна байланыштуу токтотулган. «2020-жылы республика боюнча адам сатуунун 15 фактысы катталган, анын ичинен 7 кылмыш иши сотко жөнөтүлүп, соттук инстанцияларда каралууда. Калгандары боюнча өндүрүш уланууда», — деди ал.

Ал КР Кылмыш кодексинин 171-беренесинде каралган кылмыштар мамлекеттик айыптоо категориясына кирерин белгиледи.

«Адам сатуунун курмандыгы болуп калган адамдарга мамиле кылууда көбүнчө объективдүү жана субъективдүү факторлор бар. Объективдүү факторлорго укук коргоо органдарына, уюмдарга ишенбөөчүлүк, субъективдүү жеке коркуу, жарандардын тартынчаактыгы, ал коомдук реакцияны албашы мүмкүн. Ушундай факторлордун айынан биздин жарандар көбүнчө укук коргоо органдарынан алыстоого аракет кылышат жана кылмыштын бул категориясы жашыруун кылмыштар категориясына кирет. Бул укук коргоо органдары тарабынан катталбаган кылмыштардын категориясы”, — деди Жумабаев.

Ошондой эле ал көпчүлүк учуда кыргызстандыктар Казакстан жана Россида эмгек кулчулугунун курмандыгы болушарын кошумчалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

818