7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Автодилерлер Россияда унаалардын баасы өсөөрүн эскертет

557
2021-жылдын күз-кыш мезгилине карата Россияда автоунааларга болгон баа 3%га чейин көтөрулүшү күтүлүүдө. Бул тууралуу «РИА новости» авто дилерлерге таянып жазып чыкты.
«АвтоСпецЦентр» мекемесинин директору Андрей Терлюкевич, «4 кварталга карата унаалардын баасынын өсүүсү уланат. Унаанын үлгүсүнө, брендине карай 3%га чейин жетиши мүмкүн»- дейт.
Ошону менен бирге авто базардагы унаалардын тартыштыгынан баанын өсүүсү тездеп жатканын айткан.
Ал эми «Авилон» жаңы машиналардын баасы орто эсеп менен эки -төрт пайызга кымбаттайт деп эсептейт. Мунун себеби инфляция, валютанын олку-солку болушу жана брендге жараша.
«Колдонулган унаалардын баасы орто эсеп менен канчага көтөрүлөрүн алдын-ала айтуу оңой эмес, бирок 2021-жылдын экинчи жарымында импорттоочулар базарды жаңы унаалар менен басып калса, айрым моделдердин өсүшү басаңдашы мүмкүн деп божомолдоого болот». — деди компаниянын маркетинг боюнча директору Андрей Каменский.
Бирок «Avtodom» дилеринин айтымында, азыраак иштеп, колдон алынган унаалардын баасында олуттуу өзгөрүү болот, анткени рынокто тартыштык бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

558