7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда «Донбасс», «Ополченочка» аттуу көркөм тасмаларды көрсөтүүгө тыюу салынды

809

Кыргызстанда “Время правды” кинофестивалын өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, буга чейин Россиянын “Гармония” маданий борбору Кыргыз Республикасынын аймагында “Время правды” аттуу кинофестивалын өткөрүүнү пландаган. Ошондуктан аталган маданий борбор 2022-жылдын 18-апрелинде 2019-жылы тартылган “Донбасс. Окраина”, “Солнцепек”, “Ополченочка” көркөм тасмаларын республиканын аймагында көрсөтүүгө уруксат алуу максатында “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемесине кайрылган.

«Аталган тасмалар Кыргызстандын аймагында тасмаларды жүгүртүүгө чыгаруу үчүн КРнын өкмөтүнүн 1999-жылдын 29-октябрындагы №509 “Кыргыз Республикасынын аймагында киновидеофильмдерди жүгүртүүнүн эрежеси жөнүндө” токтомуна ылайык каралды.

Соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга байланыштуу жана эл аралык мамилелерде Кыргызстандын бейтараптык позициясын кармагандыгына байланыштуу, “Кыргызтасмасы” Мамлекеттик киноборбору” мамлекеттик мекемеси аталган фильмдерге берилген жүгүртүү күбөлүктөрүн кайра чакыртат жана ал фильмдерди Кыргызстандын аймагында көрсөтүүгө тыюу салат»,- деп жазган Жаманкулов.

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

810