Бүгүн 24-апрелге карата коронавирустун жаңы учуру катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө ылайык, илдеттен Бишкек шаарында 7, Чүй облусунда 3 бейтап айыгып чыкты.
Пандемия башталгандан бери 200 миң 983 адам коронавирус жуктуруп алса, анын ичинен 2 миң 991 адам каза болду.