7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда электр керектөө рекорд койду

341

Кыргызстандын энергосистемасында электр энергиясын суткалык керектөө 22-июлда рекорддук деңгээлге жетти — 44 миллион 124 миң киловатт саат. Бул — жай мезгили үчүн тарыхтагы эң жогорку көрсөткүч. Салыштыруу үчүн, өткөн жылы ушул күнү керектөө 36 миллион кВт/с тегерегинде болгон.

“Улуттук электр тармактары” ишканасынын маалыматына ылайык, мындай өсүштүн негизги себеби — абанын өтө ысып кетиши. Калк кондиционерлерди, муздаткыч жабдууларды жана желдеткичтерди көп колдонууда.

Мындан тышкары, жыл сайын 30 миңден ашуун жаңы абонент катталып, көп кабаттуу үйлөр менен өнөр жай объекттери көбөйүп жатканы да энергосистемага кошумча жүктөм жаратууда. Учурда өлкөнүн электр тармактары штаттык режимде иштеп жатат. Энергетиктер электр энергиясын үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө. Компания жарандарды энергияны үнөмдөөгө, колдонулбай турган шаймандарды өчүрүп турууга жана электрге этият мамиле кылууга чакырат.

342