7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда “Глобалдык акча жумалыгы — 2026” башталат

345

Кыргызстанда 30-марттан 3-апрелге чейин жыл сайын өтүүчү финансылык сабаттуулук боюнча “Глобалдык акча жумалыгы — 2026” кампаниясы өтөт. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Иш-чаранын максаты — элдин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу.

Кампаниянын алкагында чыгымдарды туура башкаруу, инвестициянын негиздери, алдамчылыктан сактануу жана финансылык маалыматты туура табуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарын камтыйт: сабактар, лекциялар, семинарлар, банктарга экскурсиялар, оюндар жана сынактар уюштурулат.

Бул кампания дүйнө жүзүндө 170тен ашык өлкөдө өткөрүлүп келет, Кыргызстанда болсо 2015-жылдан бери өтүп жатат.

346