7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда грипп менен КРВИ күч алууда. Министр кайрылуу жасады

350

Кыргызстанда грипп менен КРВИ күч алууда. Мындан улам саламаттык сактоо министри элге кайрылып, оорунун биринчи белгилери байкалган маалда өз алдынча дарыланбай дарыгерлерге кайрылууга чакырды.

• Бөлмөнү үзгүлтүксүз желдетип туруу;

• Колду самын менен жуу;

• Эл көп топтолгон жерлерге барганда беткап кийүү;

• Туура тамактануу жана активдүү жашоо образын жүргүзүү менен иммундук системаны бекемдөө.

Алымкадыр Бейшеналиев республика боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлору штаттык режимде иштеп жатканын, дем алыш күндөрү нөөмөт уюштурулганын кошумчалады. Ал ошондой эле өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгиледи.

“Республикада КРВИ жана сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу экенин белгилегим келет. Саламаттык сактоо министрлиги абалды такай көзөмөлдөп, саламаттыкты сактоо уюмдарында мониторинг жүргүзүүдө”,-деди ал.

351