7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда көк бөрү жөнүндө даректүү тасма тартыла баштады

691

Кыргызстанда көк бөрү жөнүндө даректүү тасма тартыла баштады. Бул туулалуу Көк бөрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Тасманы аталган федерация 14-июлдан баштап тартууну баштады.

Фильмдин негизги максаты — көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салттарын жайылтуу жана жандандыруу, жаштардын мекенчилдик сезимин, улуттук каада-салттарды сүйүү жана урматтоо сезимин тарбиялоо жана көк бөрү оюнун дүйнөлүк аренада жайылтуу болуп эсептелет.

“Тай казан менен спорттук мелдештер үчүн көк бөрү оюнунун заманбап эрежелери 1996-жылы иштелип чыккан жана быйыл 25 жыл болду. Буга байланыштуу, Көк бөрү боюнча федерациясы тарабынан даректүү тасма тартуу башталды. Фильмди көк бөрү оюнунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана Көк бөрү боюнча федерациясынын ардактуу президенти Аскар Салымбеков каржылап жатат”, — деди федерациянын башкы катчысы Куватбек Аскарбеков.

Жакынкы аралыкта федерация республикалык телеканалдар аркылуу тасманы кеңири жайылтууну пландаштырууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

692