7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ноокат районунда «Синь Шень KG» ЖЧКсынын кыш чыгаруучу заводу ишке киргизилди

3

Бүгүн, 12-сентябрб Ноокат районунда «Синь Шень KG» ЖЧКсы тарабынан жаңы кыш чыгаруучу завод ишке киргизилди. Долбоор «100 долбоор – 2026» программасынын алкагында ишке ашырылып, өндүрүштү өнүктүрүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган.

Долбоорго жалпы 349,8 млн сом өлчөмүндө инвестиция тартылган. Заводдун ишке кириши менен жергиликтүү калк үчүн 50 жаңы жумуш орду түзүлдү. Ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 25 млн даана кыш чыгарууга эсептелген.

Жаңы өндүрүш ишканасы райондун экономикасын өнүктүрүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, ошондой эле мамлекеттик жана жеке курулуш долбоорлорун зарыл курулуш материалдары менен камсыздоого олуттуу салым кошот.

4