7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда колго көп фунцияны аткара турган трактор жасап чыгышты (ВИДЕО)

579

Кыргызстанда колго көп функцияны аткара ала турган трактор жасап чыгышты. Бул тууралуу Дастан Абдрахманов жазып чыкты.

Анын айтымында, аталган трактор кызуу изденүүнүн үстүндө иштелип келе жатат. Ошондой эле, көп тармактуу функцияларды аткарат.

1) Чөп чапкыч ( Касилка ). Трактордун алдынан чачпай ортого жыйнап чабат.
2) Суу насос уланат. Эки км аралыкка напор менен суу жеткирет.
3) Генератор уланат. 15 квт ток чыгарып берет.
4) Драбилка уланат. Малдарга жем кашек майдалап берсе болот. Отун жарып майдалап берет.
5) Почва рез фреза уланат. Айдалган жерди ундай жумшак кылып чаап берет.
6) Алдына грейдер уланат. Жер тегиздеп, кар күрөөгө болот.
7) Соко тартат. Жер оодарып айдоого даярдайт.
8)Чизиль акучник уланат. Жөөк алып даярдап берет.
9) Картошка капалка. Жердин астынан картошка элгеп чыгып, капка салып берет.
10) Пресс подборщик уланат.
11) Тележка прицеп уланат. 1 тонна жүк тартат.

«Бул биздин биринчи проект. Кудай буюрса массалык түрдө чыгарууга даяр. Жакында патент алганы арыз беребиз. Алдында дагы 6 түрдүү спецтехника иштелип жатат. Алар, айыл чарба тармагында атайын техникалар, курулуш тармагында атайын техникалар жана ыкчам доставкага атайын жасалып жаткан кичи унаалар. Көп жылдардан бери бул тармакта иштеп келебиз. Завод жок, өз колдорубуз менен жасап аракет кылып келе жатабыз. Өкмөткө, бизнесмендерге, депутаттарга кайрылып жүрөм, бирок колдоо жок. Кыйын иш колдон келбейт деген сөздөрдү уктум. Кымбат унааларды айдап, Дубайга башка өлкөлөргө барып эс алып, кичинекей бизнес менен жүрө берсем болмок. Же АКШ, Европага барып иш кылсак болмок. Бирок, тапкан акчаларымды, күчүмдү ушул иштерге арнап келем. Колдон келбейт дегендерге убакыт көрсөтөт. Кудай буюрса өндүрүштүн өзөгүн түзгөн заманбап технологияларды чыгарган завод ачылуусуна аз калды. Ар бир үйдүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошкон спец техникаларды, жакынкы жылдарда Кудайым буюрса ырахаттануу менен көрүп каласыздар. Көпчүлүк биринчи эле кезекте президентке кайрыл дешет. Бирок, президентибиз бул постту окуп калса, бизге 1 млн $ жеңилдетилген кредит эле алып берсеңиз башыбыз көккө жетет эле. Кредитти кайра мамлекетке төлөп, ыраазычылык иретинде, заводдун атынан кайра мамлекетке, курулуш тармагында, айыл чарба тармагында өкмөткө бир канча техникаларды белекке берет элек. Балким, чоң бизнесмендер иштешели десе даярбыз. Айтылган сөздөр тамаша эмес, Кудай буюрса ал күндөр да алыс эмес. Баса, көзгө оңой көрүнгөнү менен, жасап келсең ар бир деталь ойду, конструкцияны, моралдык жана физикалык энергияны жана акчаны талап кылат. Жасаган нерсең ишке ашпай калса, кайра бузуп кайра жасайсын»,-деген ал.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи канал || 7 kanal (@7kanal_official)

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

580