7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда кытай технологиясы менен «акылдуу» күнөсканалар курулат

14

Кыргызстанда кытай технологиясы менен «акылдуу» күнөсканалар курулат. Бул тууралуу бүгүн суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиевдин катышуусунда «Бай Элим» компаниясы жана Кытайдын Zhongnong Jinda (Hainan) International Trade Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда белгилүү болду.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун негизги максаты Кытай компаниясынын ишмердүүлүгү менен таанышуу, ошондой эле Кыргызстандын аймагында жогорку технологиялуу интеллектуалдык күнөсканаларды куруу жана эксплуатациялоо боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо болду.

Анда кытай тарап күнөскана чарбасына заманбап технологияларды киргизүү боюнча тажрыйбасын бөлүштү. Сунушталып жаткан күнөсканалар топурактын өзгөчө шарттарын талап кылбастыгы белгиленип, өстүрүү процесси толугу менен бирдиктүү технологиялык чынжырдын негизинде уюштурулуп, жогорку жана туруктуу түшүм алууга мүмкүндүк берет.

Жаныбек Керималиев өлкөдө күнөсканалар аз экенин, бирок бул тармактын мүмкүнчүлүгү чоңдугун белгиледи. Долбоор өндүрүштү көбөйтүп, фермерлерди колдоого өбөлгө түзөт.

Тараптар кызматташтыкты улантууга жана айыл чарбасына инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүн кароого макулдашты.

Аталган долбоор түшүмдүүлүктү жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатууга, ошондой эле «Бир алкак — бир жол» демилгеси аркылуу кыргыз-кытай кызматташтыгын жана аймактык экономиканы чыңдоого багытталган.

15