7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажыратылды

640

Өлкөдө үч ай ичинде 1,2 миңге жакын мас айдоочу айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалымдалгандай, быйылкы жылдын 8-мартынан тарта мас абалында унаа айдагандардын жоопкерчилиги күчөтүлгөн. Мас айдоочуларга 17 500 сом айып салуунун ордуна, бир жылга унаа башкаруу укугунан ажыратуу беренеси киргизилген.

Жаңы эрежелер күчүнө киргенден тартып, 8-марттан 31-майга чейин өлкө аймагында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 1770 мас айдоочу аныкталып, анын ичинен 1200гө жакыны соттун чечими менен унаа башкаруу укугунан ажыраган. Калгандары соттун кароосунда турат. Андан сырткары, 100 айдоочу үч суткага соттун чечими менен камалган.
Белгилей кетсек, айып пулдардын жогорулатылгандыгынан улам жол эрежелеринин бузгандар төмөндөп, мас абалында унаа башкаргандардын саны 46 пайызга азайган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

641