7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда мындан ары каржылык кылмыш үчүн соттолгондор ишкана ача албайт

187

Кыргызстанда мындан ары юридикалык жактарды каттоодо негиздөөчүлөрдүн каржы кылмыштары үчүн соттуулугу текшерилет.

Бул тууралуу министрлер кабинетинин «Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна киргизилген өзгөртүүлөрдө айтылган.

Ага ылайык, бул чара «каржы пирамидаларын», «бир күндүк фирмаларды» жана мыйзамсыз акча адалдоо схемаларын алдын алууга жардам берет. Ошондой эле документ мыйзамсыз ишмердүүлүк үчүн юридикалык жактарды колдонууга бөгөт коюу жана террорчулукту каржылоого каршы күрөшүү максатында иштелип чыккан.

Токтом долбоору жарыяланган күндөн жети күн өткөн соң күчүнө кирет.

 

188