7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда жаштар арасында психикалык оорулар көбөйүүдө

690

Кыргызстанда психикалык оорулар менен жабыркагандар көбөйүүдө. Бул тууралуу Ден соолукту чыңдоо борборунан билдирди.

Маалыматка караганда, жаштар арасында психикалык бузулуулар барган сайын көбөйүүдө. Республикалык психиатрия жана наркология борборунун маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө стационардык көзөмөлдө 54 миң 453 адам каттоодо турат. Бирок бул расмий гана цифралар жана калктын психикалык саламаттыгынын толук картинасын чагылдырбайт.

Адистер белгилешкендей, коронавирустук пандемия, куралдуу кагылышуулар жана экономикалык кризис неврологиялык оорулардын, тынчсыздануунун жана дүрбөлөңдүн көбөйүшүнө алып келет. Ар кандай стресс фактору – терс маалыматтын ашыкча болуусу, айлана-чөйрө, коомдук-саясий кырдаалдар адамга таасир этип, психиканын адаптациясын жана кандайдыр бир бузулууларды жаратышы мүмкүн.

Республикалык психиатрия жана наркология борборунун адистери психологиялык бузулуулардын алгачкы белгилери байкалган жарандарды дарыгерлерге кайрылууга чакырат.

Аталган борбордо психиатрлар, психологдор да иштейт. Акысыз консультация алууга болот. Болгону документтер керектелет. Психроникалык оорулар менен ооругандарды дарылоо акысыз. Психосоматикадан жапа чеккен адамдар үчүн мамлекеттик кепилдиктер программасы бар.

Эскерте кетсек, психикалык ден соолуктун республикалык борбору аптасына 7 күн тынымсыз иштейт. Дем алыш жана майрам күндөрү нөөмөттөгү дарыгерлер иштейт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

691