Баткен облустук соту Тажикстандын эки жаранын – Аскар Юнусов менен Абдурозик Каххаровду өмүр бою эркинен ажыратты. Алар “Тынчтыкка каршы кылмыш кылуу” жана “Талоончулук” беренелери боюна күнөөлү деп табылган. Бул тууралуу ММКлар жазып чыгышууда.
Маалыматка ылайык, Тажикстандын соттолгон жарандары быйыл апрель-май айларында болгон чек арадагы куралдуу кагылышуудан кийин кармалган.
Азырынча Тажикстандын бийлиги Каххаров менен Юнусовго карата чыккан сот өкүмү боюнча комментарий бере элек.
Аскар Юнусовдун атасы Абдулазиз Юнусов өкүм 14-сентябрда чыкканын билдирди. Анын айтымында, сот отурумдары жабык өтүп, сот залына айыпталуучулардын жакындары киргизилген жок.
Каххаровдун жубайы Наргис Жабборова сотко Кыргызстан тарап дайындаган адвокат Мелис Абдуратмов катышканын билдирди.
Аскар Юнусалиев менен Абдурозик Каххаров быйыл май айында кармалган. Абдулазиз Юнусовдун айтымында, алар чек ара сызыгы жок аймакта кыргыздар менен бир көчөдө жашашат.