7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда убакытты 1 саатка артка жылдыруу сунушталды

1111

Кыргызстанда убакытты бир саатка артка жылдырууну дарыгер Нурали Койлубаев менен “Баткен таңы” гезитинин башкы редактору Адылбек Акматов демилгелеп жатканын айтышып, АКИпресс-Ошто өткөн жыйында билдиришти.

Алардын айтымында, Кыргызстан 2005-жылдан бери UTC+6 саат алкагына өткөн. Бишкек бешинчи алкакта жайгашкандыктан, UTC+5ке өтүү туура болмок. Алардын айтымында, саатты артка жылдыруунун бир нече себеби бар.

«Шашып жүрүп, стресске кабылабыз, психологияга зыян болуп жатат. Экономикага да пайда болот. Мисалы, өлкөдө электр энергиясы 1 саатка үнөмдөлөт. «Туура эмес саат» адамды неврозго алып барат. Андыктан калктын ден соолугу үчүн убакытты ылайыкташыбыз керек. Бала бакча жана баштапкы класстарда окуган балдарга эртең менен туруу өзгөчө кышында кыйын болуп жатат»,-дешти.

 

1112