7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстанда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлдү

382

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын жаза аткаруу системасынын кээ бир маселелери жөнүндө» Жарлыкка кол койду, ага ылайык КРнын жаза аткаруу системасынын ишинин натыйжалуулугун өркүндөтүү жана жогорулатуу максатында, Конституциянын 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын базасында Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы түзүлсүн.

2. Юстиция министрлигине караштуу Кайтаруу жана конвой менен коштоп жүрүү кызматы Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Кайтаруу жана конвой департаменти деп кайра аталсын.

3. Министрлер Кабинети белгиленген тартипте: – Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө жобону иштеп чыксын жана бекитсин; – бул Жарлыктан келип чыгуучу тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун бир айлык мөөнөттө киргизсин; – бул Жарлыктан келип чыгуучу уюштуруучу, финансылык жана башка зарыл чараларды көрсүн.

 

383