7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелин казуу иштери аяктады

950

Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелин казуу иштери аяктады. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.

Маалыматка ылайык, узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы (туташтырылышы) аяктап, учурда ал жерде казуу, бекемдөө иштери уланууда.

“Бул тоннель «Түндүк-Түштүк альтернативдик жол» долбоорунун алкагында курулууда. Тоннель Тогуз-Торо жана Сузак райондорунун чегинде, Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 334-338-чакырымдарындагы Казарман — Жалал-Абад жол тилкесинде жайгашкан. Тоннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуарлар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт.  Объект даяр болгондон кийин, карама-каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын пайда кылуу коркунучу жок, эркин өтө алат. Долбоордун баасы 136 миллион АКШ долларын түзөт. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда”,-деди ал.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

951