7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Афганистанга 130 тонна гумжардам жеткирилди жеткирилди

21

Президент Садыр Жапаровдун жетекчилиги астында Кыргызстандан Афганистандын табигый кырсыктардан жабыркаган калкына кезектеги гуманитардык жардам жеткирилди. Бул тууралуу ӨКМден билдирди.

Жакында Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Башкы ассамблеясынын 80-сессиясында президент Садыр Жапаров афган элине ар тараптуу жардам көрсөтүү зарылдыгын жана бул өлкөнү эл аралык изоляцияга калтырбоо маанилүү экендигин баса белгилеген.

Кыргызстандан жөнөтүлгөн гуманитардык жүктүн курамына 130 тонна азык-түлүк, 2 млн сомдук балдардын жылуу кийим-кечелери жана зарыл болгон күнүмдүк товарлар кирди. Үч күндүк сапардан кийин, 27-сентябрда кербен Өзбекстандын аймагы аркылуу коопсуздук кызматтарынын коштоосунда Термездеги Хайратон өткөрмө постуна жетти.

Аземге Балх провинциясынын жетекчилери, анын ичинде губернатордун орун басары Абуу Идирис катышып, кыргыз элине жана президент Садыр Жапаровго терең ыраазычылык билдирди.

Жалпы көлөмү 130 тонна гуманитардык жүк атайын кампаларга түшүрүлүп, жакынкы күндөрү кырсык болгон аймакка жеткирилээри маалым болду.

Кыргызстандан барган делегацияны Балх провинциясынын губернатору Мухаммат Юсуф Вафо өз резиденциясында кабыл алып, боордош кыргыз элине жана мамлекет башчысына ыраазычылыгын билдирди.

Эскерте кетсек, мурдагы жылдары да Кыргызстан тарабынан Афганистан элине бир нече ирет гуманитардык жардам көрсөтүлүп, акыркы төрт жыл ичинде жалпысынан 360 тоннадан ашуун жүк жеткирилген.

22