Кыргызстандын аймагынан пияздын бардык түрүн чек өлкөгө алып чыгууга убактылуу тыюу салынды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин тиешелүү токтому кабыл алынды, тыюу 2023-жылдын 31-январынан тартып, үч айлык мөөнөткө чейин күчүндө болот.
«Токтом өлкөбүздүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана социалдык маанидеги азык-түлүк продукцияларынын бааларын турукташтыруу максатында кабыл алынды», — деп айтылат билдирүүдө.