7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандан Өзбекстанга 34 баш жылкыны мыйзамсыз айдап бараткандар кармалды

442

Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 баш жылкыны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан учурунда Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Кармалган Б.Т.Ж. Өзбекстандын жараны «Хабибилло» менен алдын ала макулдашып алып, Өзгөн шаарындагы мал базардан 24 баш жылкы сатып алып, андан 80 миң өлчөмүндө акча каражатын сый акы катары алган жана мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Өзгөн районунун Көк-Таш айылынын аймагында жылкыларды Өзбекстандын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул сыяктуу эле Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстанга айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган К.у.Б аттуу КР жараны кармалган.

КР мыйзамына ылайык, кармалган 34 баш жылкы мамлекетке конфискацияланууга тийиш. Жылкылар мамлекеттик чек араны коргоодо пайдалануу үчүн УКМКнын Чек ара кызматынын балансына өткөрүлөт.

 

 

 

443