Бүгүн, 8-апрелде “Жардам кербени” Казакстандын Арал шаарынан таң эрте Актөбө облусуна жолго чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдирди
Казакстандын аймагында жардам 1500 километрден ашуун жол басып, Жамбыл – Түркестан – Кызылорда облустарынын аймагынан өттү.
Аба ырайынын ар кандай шарттарына карабай, күн-түн жол жүргөн кербенди 6-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеев Кыргызстандын баш калаасынан узаткан.
Суу каптоодон жабыр тарткан элге жол тарткан куткаруучулар курамын жана айдоочуларды министрдин орун басары, полковник Урматбек Шамырканов жетектеп бара жатат. Жалпысынан кербен курамында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу жана фуралардын 17 айдоочусу бар.
Мындан сырткары Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар департаментинин кызматкерлери жана жол коопсуздук кызматкерлери коштоп жүрүүдө.