7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык 33 ишкер Германияда тажрыйба алмашып келди

261

Кыргызстандык 33 ишкер Германиянын алдыңкы компанияларында такшалма өтүп, европалык бизнес-өнөктөштөр менен баалуу тажрыйба алмашып келишти. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Маалым болгондой, «Германия менен бизнес-өнөктөштүк» программасынын алкагында 2025-жылы ири масштабдуу тандоо өнөктүгү жүргүзүлгөн. Соода-өнөр жай палатасы жана Германиянын эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан уюштурулган сынакка 69 талапкер катышып, анын ичинен 47 ишкер программага сунушталган.

Жыйынтыгында 33 ишкер Германияда үч жумалык такшалмада болуп, немис бизнесинин иштөө принциптерин жеринде өздөштүрүштү. Окуу сапарынын алкагында кыргызстандык менеджерлер 44 алдыңкы немис ишканасына барып, үч ири эл аралык көргөзмөгө катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Мындан тышкары, 83 B2B форматындагы жолугушуу өткөрүлүп, анын натыйжасында жалпы суммасы 380 миң еврону түзгөн эки келишимге кол коюлду.

262