7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык үч балбан Олимпиадалык жолдомо үчүн күч сынашат

497

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөлөрү Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозобек Токтомамбетов Бишкекте өтүп жаткан Азиялык квалификациялык мелдешинин жарым финалына чыгышты.

57 кг чейинки салмак ченинде Бекзат Алмаз уулу 1/8 финалдык баскычтан баштап Палестина өлкөсүнөн келген Али Абурумайла аттуу балбанды 6:2 эсеби менен утту. 1/4 финалда кытайлык балбанды жеңип жарым финалга чыкты.

65 кг чейинки салмакта Эрназар Акматалиев чейрек финалга чыгуу үчүн ирактык Мохаммед Каримди 10:0 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта кытайлык балбан менен кыл чайнашкан беттеш өткөрүп, жыйынтыгында 12:6 эсебинде жеңишти камсыздай алды.

Ал эми 74 кг чейинки салмакта Орозобек Токтомамбетов 1/8 финалда Бахрейн мамлекетинин атынан чыгып жаткан орусиялык Магомерасул Аслуев менен беттешип 7:1 эсебинде жеңишке жетти . 1/4 финалда индиялык Жайдип Жайдип аттуу балбан менен беттешип 2:2 эсебинде жеңип жарым финалга чыкты.

Бул мелдеште финалга чыккан спортчулар автоматтык түрдө Олимпиада оюндарына жолдомо алат.

498