7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык эркектер канча жашында үйлөнөт?

615

Бүгүн, 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнү белгиленип келет. Мырзалар тууралуу фактыларды Улуттук статистика комитети бөлүштү.

Республиканын калкынын жалпы санында эркектердин салыштырма салмагы узак убакыт бою өзгөрүүсүз калууда – 49,5%.

2024-жылдын башында республикадагы эркектердин саны 3,5 млн. адамды түзгөн (2022-жылдагы эл каттоонун маалыматтарын эске алганда).

Республикадагы эркектердин үчтөн экисин айыл жерлеринде жашаган эркектер түзөт. Ар бир алтынчы эркек Бишкек шаарында жашайт.

Эркектер бардык ишмердик чөйрөсүндө эмгектенишет.

  • Эмгекке жарамдуу жаш курактагы эркектердин иш менен камсыз болуусунун деңгээли жетишээрлик жогору жана 77%ды түзөт.
  • Иштеген эркектердин орточо жаш курагы 38 жашты түзөт.
  • Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир алтынчы эркектин жаш курагы 30-34 жашты түзөт.

Курулуш, транспорт ишмердиги жана жүктөрдү сактоо, электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо (жабдуу), пайдалуу кендерди казуу сыяктуу ишмердиктин түрлөрү “эркектер” гана эмгектенген иштер болуп саналат.

  • 2022-жылы 48 миңге жакын эркек никеге турган.
  • Эркектер 20-29 жашта үй-бүлөө курууга басым жасашат.
  • Мында 41 миң эркек биринчи жолу үй-бүлө курган. Никеге турган ар бир экинчи эркек 25-29 жашта, ал эми ар бир үчүнчү эркек 20-24 жашта болгон.
  • 2022-жылы биринчи жолу никеге турган эркектердин орточо жаш курагы 27,9 жашты, ал эми кайрадан никеге турган эркектердин жаш курагы 34,6 жашты түзгөн.
616