Дубайдагы “Hardcore Boxing” турниринде кыргызтандык мушкер Самат Абдырахманов жеңишке жетти.
Ал, аргентикалык Давид Верон аттуу атаандашын жеңип, чемпиондук курдун ээси болду.
Эскерте кетсек, Абдырахманов 30 күндүн ичинде ар кандай дисциплинада эки беттеш өткөрүүгө жетишкен. 24-февралда Хардкор ФК муштум лигасында ал Мартин Лютер Джуарян менен титул үчүн күрөшкөн, бирок күрөш тең чыгуу менен аяктаган.