7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык окумуштуу дүйнөдө жаңы математикалык ачылыш жасады

1228

Кыргызстандык математик окумуштуу, академик Алтай Бөрүбаевдин “Мейкиндиктеги абсолют операциясы менен толуктоо операциясынын ордун алмаштыруу касиети” аттуу математикалык ачылышы дүйнөдө жаңы ачылыш катары таанылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз көз кызматы билдирди.

“Кесиптештерим менен акылдашып, өзүмдүн илимий эмгегимди Эл аралык илимий ачылыштардын жана ойлоп табуулардын академиясына жөнөткөм. Алар топология илими өнүккөн Италия, Чехия жана Кытай Эл Республикасында бир жыл экспертизадан өткөрүп, жыйынтыгында жаңы ачылыш деп каттады. Бул жөнүндө кабарды өзүм 23-сентябрда уктум”, — деди академик Бөрүбаев.

Буга чейин Алтай Бөрүбаевдин эки ачылышы эл аралык деңгээлде бааланган. Биринчи “Топологиялык мейкиндиктердин өзгөчө касиеттери жөнүндө” ачылышы Москва мамлекеттик университетинин сунушу менен Москва обсерваториясы жылдыздардын бирине “Алтай” ысымын берген.

“2013-жылы экинчи ачылышымды жасадым. Ал компакттык типтүү кеңейтүүлөрдүн алгоритминин конструкциясын түзүү жөнүндө маселе. Бул маселе боюнча жаңы ыкма таап, ошол ыкманын негизинде компакт тибиндеги бардык кеңейтүүлөрдүн конструкциясын бергем. Муну Оксфорд университетинин окумуштуулары, математиктери баалап, “Илимдеги ысым” алтын медалын жана тиешелүү сертификатты тапшырган”, — деп билдирди Алтай Бөрүбаев.

Академик Алтай Бөрүбаев Оксфорд университетиндеги дүйнөлүк окумуштуулардын реестрине кирген Орто Азиядагы биринчи адам.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1229