Кыргызстандык окуучулар Омар Хайям атындагы математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 10 медаль, 2 ардак грамота жеңип алышты.
Агартуу министрлиги билдиришкендей, олимпиада 2025-жылдын 5-9-ноябрында Душанбе шаарында өтүп, ага 8 өлкөдөн 96 окуучу катышты.
Кыргызстандын командасы олимпиаданын жыйынтыгында 10 медаль жеңип, 1-орунду ээледи.
Катышкан өлкөлөрдүн жалпы жыйынтыгы:
- Кыргызстан — 10 медаль;
- Тажикистан — 8;
- Казакстан — 8;
- Өзбекстан — 7;
- Беларусь — 4;
- Түркмөнстан — 2;
- Армения жана Камбоджа — медаль жок.
Кыргызстандык окуучулардын жыйынтыктары:
Математика (кенже категория, 7–8-класстар)
- Акимов Ариет, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
- Саят Арлан, «Газпром Кыргызстан» мектеби — алтын медаль;
- Жаратов Нурмухаммед, ОК «Маариф» — күмүш медаль;
- Турганбеков Артык, СОШ №61 — ардак грамота.
Математика (жогорку категория, 9–11-класстар)
- Акенеев Тимур, «Газпром Кыргызстан» мектеби — коло медаль;
- Мусаходжаев Султан, ОК «Маариф» — коло медаль;
- (Тренерлер: Ишматов Мамат, Жолдубай уулу Бекжол, Аманов Айбар, Эльчибек кызы Кундуз)
- Шакиралиев Адилет, Академия Купуева — ардак грамота;
(Тренер: Абдураимов Шумкарбек) - Сапарбеков Умар, Жайыл Баатыр лицейи катышуу;
(Тренер: Байбаев Сусарбек).
Информатика (кенже категория, 7–8-класстар)
- Эмирхан Сыдыкбаев, «Газпром Кыргызстан» мектеби — күмүш медаль;
- Бектен Абдувалиев, International School of Kyrgyzstan — коло медаль;
(Тренер: Мирбек Бакиров) - Айназик Джусупова, Intellect Pro School — катышуу;
- Ырысбаев Эмир, Intellect Pro School — катышуу.
(Тренер: Медербек Осмонов)
Информатика (жогорку категория, 9–11-класстар)
- Рамазан Мананов, Сейтек STEM мектеби — алтын медаль;
- Али Арапов, Сейтек STEM мектеби — күмүш медаль;
- Нурислам Карыпжанов, лицей Ч. Айтматова «Сапат» — коло медаль;
(Тренер: Кылычбек Урайымов). - Байыш Минбаев, Академия Купуева — катышуу.
(Тренер: Абдураимов Шумкабек)
Мындан тышкары, Кыргызстандын өспүрүмдөр командасы командалык эсепте 1-орунду ээлеп, Гран-при —Хайям кубогун, «Рубайят Хайяма» китебин жана 1000 АКШ доллары өлчөмүндөгү акчалай сыйлыкка ээ болушту.
KhIMIO – бул таланттуу мектеп окуучулары үчүн илимий жөндөмдөрдү өнүктүрүүгө, жаш таланттарга дем берүүгө жана математика жана информатика жаатында эл аралык кызматташтыкты арттырууга багытталган инновациялык эл аралык олимпиада.



