7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык спортчулар салттуу жаа атуу боюнча дүйнө чемпиону болушту

572

25-27-май күндөрү Стамбулда салттуу жаа атуу боюнча 13-эл аралык Fetih Kupası турнири өттү.

Турнирге 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышканын Салбуурун федерациясынан кабарлады.

«Ынтымак Мурадил уулу эркектер арасындагы индивидуалдык мелдеште алтын медаль жеңип, дүйнө чемпион болду. Асел Садырова аялдар арасындагы индивидуалдык мелдеште күмүш медалды жеңип, Кыргызстандын намысын дагы бир жолу бийикке көтөрдү. Бул кыргызстандык спортчулардын Fetih Kupası турнириндеги биринчи жеңиши. Буга чейин бир дагы кыргызстандык бул абройлуу эл аралык мелдештин чемпиону боло элек болчу»,- деп берилет маалыматта.

Сыйлык тапшыруу аземинде Стамбулда Кыргызстандын желеги салтанаттуу көтөрүлүп, гимни жаңырды. Бул бүткүл кыргыз эли үчүн сыймыктануу жана тарыхый учур.

Ынтымак Мурадил уулу жана Асел Садырова — Кыргызстандын салттуу жаа атуу чеберлери.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

573