Кыргызстандын жаш таланттуу ырчысы Насыйкат Баймырзаева Андрей Малаховдун «Привет, Андрей» телеберүүсүндө катышты. Бул тууралуу орус маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Аталган телеберүүдө Насыйкат Баймырзаева Татьяна Буланованын аткаруусундагы «Синее море» чыгармасын ырдаган. Жаш ырчынын аткаруусуна таасирленген көрүүчүлөр көзүнө жаш алып, Буланова Насыйкатка кошулуп ырдаган.
Маалыматка ылайык, Насыйкат Баймырзаева 5 жашынан баштап музыкалык билим алып, 8 жашында музыкалык окуу жайга тапшырган. Учурда вокал боюнча билим алып, пианинону өздөштүрүүдө. Жаш ырчы келечекте скрипкада ойноону үйрөнүүнү кыялданат.
Посмотреть эту публикацию в Instagram