7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдеште 2 алтын утту

373

Казакстандын Усть-Каменогорск шаарында Олимпиада чемпиону Ольга Рыпакованын кубогу үчүн өткөрүлгөн V эл аралык жеңил атлетика мелдеши өттү.

Мелдешке дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 100дөн ашык спортчу катышты, алардын арасында Кыргызстандык спортчулар, Бишкектеги С. Жуманазаров атындагы ӨРАБӨМдүн тарбиялануучулары да катышкан.

Кыргызстандык спортчулар жогорку даярдык деңгээлин көрсөтүп, эки алтын медаль утуп, эл аралык аренада өлкөнү мыкты деңгээлде көрсөттү.

Бишкек шаарындагы ӨРАБӨМдүн тарбиялануучуларынын натыйжалары:

3000 м чуркоо (эркектер):
Кенешбеков Нурсултан – 1-орун (8:04,91);
Казакбаев Самат – 5-орун (8:43,78).

400 м чуркоо (эркектер, спринт):
Литовский Руслан – 6-орун (49,84).

3000 м чуркоо (аялдар):
Калил кызы Айнуска – 1-орун (9:33,77).

374