7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
26272829  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандыктарга берилүүчү америкалык визанын мөөнөтү беш жылдан он жылга көтөрүлөт

447

13-декабрда Кыргызстандын АКШ жана Канададагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Бактыбек Аманбаев АКШнын мамлекеттик департаментинин консулдук бюронун виза иштери боюнча кеңсесинин Директору Б.Макнерни менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы визалык карым катнашты жакшыртуу маселеси талкууланды.

Элчи Б.Аманбаев сүйлөшүүнүн жүрүшүндө кыргыз аттуулдарына берилүүчү туристтик жана бизнес визанын мөөнөтүн 5-жылдан 10-жылга көтөрүүнү жана ушул визиларга төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүн азайтуу маселесин кароону тездетип, аны оң жакка чечип берүүнү өтүндү.

Өз кезегинде Б.Макнерни бул маселе АКШнын тиешелүү бийлик өкүлдөрү тарабынанан талкууланып, каралып бүтүп калгандыгын, маселе кыргыз тараптын өтүнүчүнө ылайык оң чечилип жаткандыгын жана жакынкы күндөрү анын жыйынтыгын кыргыз тарапка расмий түрдө кабарлана тургандыгын маалымдады.

Ошондой эле Б.Аманбаев өз сөзүндө америкалык тараптан АКШнын окуу жайларына өткөн кыргыз жаштарына америкалык виза алуу маселесин жеңилдетүүнү жана АКШ аттулдарына атаандаш болбой турган тармактарга кыргыз жарандарын АКШда жумушка орноштуруу маселесине мыйзамдуу шарт түзүүнү өтүндү. Америкалык тарап Элчинин айткандарын туура экендигин белгилеп, бул маселени эки өлкөнүн ортосундагы жогорку деңгээлде өтүүчү өкмөт аралык эки тараптуу консультацияларда кошумча талкуулоо зарылдыгын билдирди.

 

448