«Кыргызстандын студенттери жашыл экономика үчүн» коомдук уюму Айыл чарба министрлигинин астындагы Токой кызматы менен биргеликте президент Садыр Жапаров «Жашыл Мурас» аталышындагы демилгелер кампаниясынын алкагында Кыргызстандын бардык аймагындагы жаштарды тартуучу демилгени баштайт. Бул тууралуу Токой кызматынан билдиришти.
Бул кампания ушул жылдын март айында жолго коюлган, ал токой аянттарын кеңейтүүнү максат кылат, жана президенттин «Тоо экосистемасын жана климаттык туруктуулукту сактоо» жөнүндөгү жарлыгынын алкагында ишке ашырылууда. Демилгенин максаты Кыргызстандын жаштарынын көңүлүн тоо экосистеминин бузулушу жана климаттын өзгөрүшү, токойлордун аянтын кеңейтүү жана калыбына келтирүү, ири алкактуу жаштардын, экологиялык ыктыярчылык кыймылынын жана жаштардын табиятты жана токойду пайдалануу дараметин жорогулатуу болуп саналат.
Жаштардын республикалык бак отургузуу иш чарасына ар бир облустан 100гө жакын ыктыярчы жаштарды тартуу пландалууда. Жыйынтыгында 700 ыктыярчынын жардамы менен 7 миңге жакын ар түрдүү сорттогу бак-дарактарды отургузуу пландалууда. Ошондой эле, бак-дарак отургузуу күнүндө жаш изилдөөчүлөрдүн токой экосистемалары тууралуу презентациялары, жаштарды Кыргызстандын табигый жана маданий мурастарын сактоого багытталган коомдук жана экологиялык иш-чараларга активдүү катышууга шыктандырат.
Жаштардын республикалык бак отургузуу иш чарасы 16-апрелден баштап Баткен облусунун Баткен районунда башталып, андан кийин төмөнкү график боюнча уланат:
23-апрель — Чүй жана Жалал-Абад облустарында;
30-апрель — Ош жана Талас облустары;
7-май — Ысык-Көл облусу;
14-май — Нарын облусу.