7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстандын айыл-чарба тармагын өнүктүрүүгө 9 мамлекеттик долбоор ишке ашырылууда

11

Кыргызстанда айыл чарба тармагын колдоо максатында жалпы суммасы 13 млрд 180 млн сомду түзгөн 9 мамлекеттик долбоор ишке ашырылууда. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жеңилдетилген каражаттар «Айыл Банк» жана «Элдик Банк» аркылуу дыйкандарга, фермерлерге жана агробизнес өкүлдөрүнө берилет.

Каржылоо долбоорлорунун негизги багыттары:

  • «Айыл чарбасын каржылоо-14»: Жазгы-күзгү талаа жумуштарына 2,4 млрд сом каралган. Үстөк пайызы — 6%, мөөнөтү — 3 жыл. Бүгүнкү күнгө карата 125 млн сом көлөмүндө 194 насыя берилди.
  • «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө»:Кластердик бирикмелер үчүн 2,1 млрд сом бөлүнгөн. Пайызы — 6%, мөөнөтү — 5 жылга чейин.
  • Асыл-тукум мал чарбачылыгы жана үрөнчүлүк: Бул тармактарга үстөк пайызы болгону 3% менен кредиттер берилет. Асыл-тукум чарбаларына 1,2 млрд сом, үрөнчүлүккө 100 млн сом багытталган.
  • Эт кластерин өнүктүрүү (Чүй облусу жана Бишкек): Ири мүйүздүү малды бордоп семиртүүгө 1,5 млрд сом каралган (3%, 5 жылга).
  • Суу үнөмдөөчү технологиялар: Тамчылатып сугаруу тутумдарын киргизүүгө 500 млн сом бөлүнөт. Бул долбоор эң төмөнкү — 2%дык чен менен берилет.
  • Лизингдик программа: Айыл чарба техникаларын алууга 499 млн сом каралган (6%, 7 жылга).
  • Аймактык кластердик өндүрүш:Агрегаторлорду колдоого 3,8 млрд сом багытталат (2%, 5 жылга). Учурда долбоор макулдашуу баскычында.

Министрликтен белгилешкендей, бул долбоорлор өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү жаңы деңгээлге чыгарууну көздөйт.

12